Profilimiz

    • Лицей жөнүндө маалымат

    •      Ысык-Көл “Себат”кыздар окуу комплекс-лицейи 2004-жылы 5- ноябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министрлиги менен Эл аралык“Себат”  билим берүү мекемесинин  ортосунда таланттуу жаштарды дүйнөлүк стандартка туура келген окутуп-тарбиялоого шарт түзүү максатында эки тараптуу келишимдин негизинде ачылган. 2004-жылдан баштап лицей “Алмаздуу” пансионатынын имаратында иш жүргүзүп келет. Имарат интернат тибиндеги жатакана жана окуу корпусуна реконструкцияланган. 2011- жылы 4 кабаттуу 500 орундуу жалпы аянты 2577,89 кв.м. имараттын курулушу аяктап, 2011-2012-окуу жылында пайдаланууга берилген.

       2013-жылдын 13-апрелинде  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жана Эл аралык “Себат”билим берүү мекемесинин  чечими менен лицей “Зияш Бектенов атын-дагы Ысык-Көл кыздар лицейи ” болуп аталды. Лицейде жалаң кыздар билим алышат.

      Лицей- жалпы   негизги  жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу,билим берүүнү өнүктүрүүчү мектеп.

      Лицей өзүнүн ишмердүүлүгүн:

      • Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын;
      • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү”мыйзамынын;
      • “Баланын укугун коргоо жөнүндөгү” Конвенциянын;
      • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп- лицей жөнүндө жобосунун;
      • Лицейдин Уставынын жана локалдык актылардын негизинде жүргүзөт.

      Окутуу ата-эне менен лицей ортосундагы келишимдин негизинде акы төлөө менен жүргүзүлөт. Каржылоонун наркы киреше-чыгаша эсептөөлөрүнүн негизинде белгиленет.

      Лицейдин негиздөөчүчү- Эл аралык “Сапат” билим берүү  мекемеси

      Лицейдин директору - Жолдошбай уулу Жоомарт