Duyurular

          • Приветствуем Вас уважаемые родители! 

          • Приветствуем Вас уважаемые родители! 
            Наша школа совместно с международной психолого-педагогической компанией WISEFULL организует вебинар для родителей и приглашает Вас принять участие на предстоящем онлайн семинаре. 
            📌Тема: Управление Эмоциями. 
            🇷🇺Язык: Русский
            📆Дата: 27.01.2021 (Среда)
            ⏳Время: 20:30
            📍Программа для участия на вебинаре: www.zoom.us
            ID: 81481881447                                                                                                                                                          Линк для участия на вебинаре указан ниже:  
              
            https://us02web.zoom.us/j/81481881447

          • РОЛЬ РОДИТЕЛЕЙ В ПРОФЕССИОНАЛЬНОЙ ОРИЕНТАЦИИ РЕБЕНКА

          • Приветствуем Вас уважаемые родители! 
            Наша школа совместно с международной психолого-педагогической компанией WISEFULL организует вебинар для родителей и приглашает Вас принять участие на предстоящем онлайн семинаре. 

            📌Тема: Роль родителей в профессиональной ориентации ребёнка.
            🇷🇺Язык: Русский
            📆Дата: 14.10.2020 (Среда)
            ⏳Время: 21:00-22:00( Алматы)
            📍Программа для участия на вебинаре: www.zoom.us
            ID: 85813283345
            Линк для участия на вебинаре указан ниже:

            https://us02web.zoom.us/j/85813283345

          • Дистанттык окууда ата-эненин ролу.

          •  Урматтуу ата-энелер!

            1-апрелден (шаршемби күндөн) баштап окуучуларга дистанттык түрдө сабак өтүү башталат.

                 Сабак учурунда сиздер тараптан камсыз кылынуучу нерселер төмөнкүлөр:
            1. Ар бир үй бүлөнүн жогорку деңгээлде даярдыгы
            2. Окуучунун компьютери, телефону (смартфон) интернетке байланышкан болуусу керек;
            3. Окуу куралдары ( калем, дептер,китеп (мүмкүнчүлүк болсо) даяр болуусу керек;
            4. Сабак учурунда бөлмөдө жалгыз болуусу керек ( ага-ини, эже-карындашын сабакка тоскоолдук болбоосу үчүн);
            5. Ашыкча буюмдарды тоскоол жаратпоосу үчүн алып салуусу керек;
            6. Күндөлүк режимди уюштуруп берүү;
            7. Окуучунун онлайн сабакка катышуусун жана тапшырмасын аткаруусун көзөмөлгө алуунуздар керек;
            8. Окуучу тапшырмасын эртеңки күнгө калтырбай аткаруусу зарыл;
            9. Класс жетекчиси жана предметтик мугалим менен тыгыз байланышта болуп турууңуздар керек;
            10. Кун сайын класс жетекчиси аларды сабактарга катышуусун, үй иштеринин аткаруусун көзөмөлдөйт;
            11. Балдардын сабагына ата-энелердин түздөн түз катышуусуна( окуучунун ордуна сабак жасоого) тыюу салынат;
            12. Дистанттык окуу боюнча ата-энелердин суроо-талаптары болсо класс жетекчисине кайрыласыздар.
                 

                 Окуучуга тиешелүү сабактар,видеолор, слайддар, үй иши жана баалоо Edupage системасы аркылуу жүргүзүлөт. 


                                                                                                                                               Лицей администрациясы

          • Дистанттык билим алуу кандай болот?

          • Урматтуу ата-энелер!

                 Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин жетекчилиги баарыңыздардын

              үй-бүлөңүздөргө аманчылык каалайт.

                 Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси окуучулардын билим алуусу токтоп калбаш үчүн 1-апрелдин биринчи аптасынан баштап, онлайн жана видеосабактар аркылуу окутууну баштап жатат. 27 жылдан бери иштеп келе жаткан билим берүү мекемебиз окутууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча бир топ тажрыйбага ээ. Ушул күндөрдө бардык лицейлердин мугалимдерине “интернет аркылуу окутуу” боюнча онлайн конференциялар болуп, тажрыйба алмашуу жүрүүдө.

                 Андыктан, мугалимдер жана ата-энелер окутуунун бул түрүнө даяр болуубуз зарыл. Бул үчүн адегенде мугалим жана окуучулар интернет жана компьютер менен камсыз болуусу керек. Телефондо алдын ала кээбир программалар да болуусу керек. Негизги программа бул EDUPAGE. Андан сырткары видеоконференция үчүн колдонуучу программа да керектелет. Бүгүнкү күнгө бардык окуучулар менен байланыш курулуп, кайсыл программалар менен иштөөсү аныкталган.

                 Онлайн окутуу үчүн эң негизги маселе бул интернет менен камсыз болуусу. Үйүңүздө интернет байланышы болсо, бир топ жеңил болот. Эгерде мобилдик интернет колдонсоңуздар, анда сиз жашаган аймакта кайсыл оператордун интернети сапаттуу экенин тактап, үзгүлтүксүз интернети болгон тарифке өтүү зарыл.

                 Бирок эң башкысы, үйдөн сабак алууда эске алуучу маселе бул - окуучуну онлайн окууга даярдоо. Лицей тарабынан онлайн сабактардын жадыбалы (расписание) EDUPAGEке жиберет. Бир күндө 30 мүнөттүк 5 сабак болот. Анын негизинде ата-эне кызын мектепке жиберген сыяктуу ойлоп, сабак алуусун көзөмөлдөө зарыл. Окуу үчүн үйдө өзүнчө орун даярдап, дептер, калем, жана башка керектүү окуу куралдары менен камсыздоо зарыл.

                 Албетте бул ыкма убактылуу гана. Классташтары менен жанаша отуруп, мугалим менен бетме бет баарлашууга не жетсин! Эң негизгиси окуучуларыбыздын билим алуусу токтоп калбашы керек. Ал үчүн болгон биз бар күч аракетибизди жумшайбыз.

          • ENGLISH WEEK

          • Англис тили жумалыгы кантип башталды?

            Жыл сайын февраль айынын экинчи аптасы англис тилине арналат. "Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин" жылдык планына ылайык өткөрүлгөн бул иш чара окуучулар үчүн маанилүү. Бул аптада мугалимдер окуучулар менен биргеликте ар кандай иш чараларды өткөрүшүп, тилге болгон кызыгуусусун арттырышат. 

            Spelling Bee, TED talks, Singing and Reciting contest, Essay contest, Door design жана ушул сыяктуу башка иш чаралар да болмокчу. Анда эмесе, бул аптага даярдыктар кандай болгонуна көз жүгүртөлү.

          • Түрк тилинен видео сынакка катышып жатабыз

          • Тил - бул сүйлөө

               Тил үйрөнүү үчүн аны колдонууга зарылчылык болуш керек. Ушул принцип менен түрк тили мугалими Мухаммед Гөргөз агайыбыз окуучуларга түрк тилин үйрөтүп жатат. Лицейибизге бул жылы гана келип, өзүнүн өзгөчө ыкмалары менен кыздардын көңүлүн буруп, тилге кызыгуусун жаратууда.

              Бул мугалимге отургучтун кереги деле жоктой. Тынбай басып, үнүн катуу чыгарып, биринчи сабакпы же акыркыбы окуучулар ар дайым дыкаттык менен отурушат. 

              Бул сапар да Мухаммед агай дебат сыяктуу сабак өткөрүп, ар бир окуучуну 30 секунда сүйлөтүп жатат. Темасы да кызыктуу болгондуктан, окуучулар сөздүктөрүн тытып аргумент куруп жатышат. 

              Түрк тилинен ар кандай сынактар да болуп турат. Биздин лицейдин 8-А классы видео сынакка катышып, ролик тартышкан. Сынактын эрежеси боюнча, эң көп көрүлгөн жана LIKE алган видео жеңишке жетишет. Сиздер да окуучуларыбыздын аракетине өз добушуңар менен дем бергиңер келеби?

            Анда төмөндөгү видеону көрүп, like басабыз!

            Алдын ала рахмат!

          • Асанбекова Анара эжебиздин сабагында

          • Тарых сабагынан ачык саат

            Лицейдин директору Невзат бей, тажрыйба алмашуу максатында ар бир мугалимге ачык сабак өтүү тапшырмасын берген. Администрация мүчөлөрү жаш мугалимдер менен бирге катышып, сабакты тасмага тартуу да тапшырмасын берген. Тасма лицейге жана сабак өткөн мугалимге берилип, эстелик болуп калат. 

            Бүгүнкү ачык сабак кезеги Асанбекова Анара эжебизде. Ал лицейде 2018-жылдан бери тарых мугалими катары эмгектенет. Бүгүн 8-А классында өткөрүлгөн сабакта түрдүү усулдарды колдонуу тажрыйбасына күбө болдук. Ар түрдүү усулдар менен өтүлгөн сабак, окуучулар үчүн кызыктуу болуп жатканы билинип турду. Кыздар өздөрүн эркин алып отурушту. 

          • Университет, Жумуш же Үй-бүлөбү?

          • Мугалимдер үчүн семинардан

              Окуучуларды туура тарбиялоо үчүн адегенде аларды таануу керек сөзү менен мугалимдерибиз үчүн семинар башталды. Бүгүнкү биздин коногубуз Чолпон-Ата шаарындагы "SOS балдар айылы" деп аталган балдар үйүнүн директору Нурбек Богачиев. Өзгөчө турмуштук кырдаалга кабылган балдар менен көп жылдар бою иштеп,  бир гана мугалим эмес, социология, психология тармагында көптөгөн окуулардан өткөн Нурбек агайдан көп нерсе үйрөнүүгө болот.

            - Араңарда балалуу болгон барбы?,- деп сурады.  Каанадагы бир топ мугалимдер кол көтөрдү.

            - Эгерде сиздин балаңызга эң жакшы университетке өтүү үчүн бир ыкма бар, аласыңарбы десем, алат белеңер?- деди. Баары кол көтөрдү, албетте алабыз. Балабыз үчүн ал маанилүү да дешти.

            - Ал эми, эң жакшы университетпи же эң жакшы жумушпу десем, кайсынысын тандайт элеңер? -деп кайра сурады. Кесиптештерибиздин дээрлик баары жакшы жумушка добуш беришти. Университетти окубай деле жакшы жумушуң артык эмеспи деп.

            - Жакшы жумушпу же жакшы үй-бүлөбү? деди. Баары кеңешип, жакшы үй-бүлө болбосо, анда жакшы жумуштан деле адам бактылуу болбойт деп, жакшы үй-бүлөнү тандашты.

            - Демек окуучуларыбыз үчүн да, баалуулуктарды берүүдө, ушул жолду тандообуз туура да, э?- деп сурап, баарыбызды ойго салды.

            Ар бир мугалим өз предметинен башка, өз жүрүм туруму менен, адеби, сүйлөө маданияты менен, кылган аракети менен сабакта да туура тарбия бере алат. Ушул маселе менен Нурбек агай семинарын баштап, өспүрүмдөрдүн курактык өзгөрүүсү жана анын окуучулардын психологиясына, жүрүм турумуна таасири жөнүндө кеп кылды. 

              Нурбек агай, мындан ары лицейге мезгил мезгили менен келип, мугалимдерибизге усулдук иштер менен тажрыйба алмашып, окуучулар менен да баарлашып турмай болду.

              Мындай тажрыйба алмашуу, баарыбыз үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз.

             

            БЖК

          • Высоцкийдин ырларынан эмне сабак алуу мүмкүн?

          • Шамиева Гүлназ эжебиздин сабагынан

            Бүгүнкү орус тили сабагы Владимир Высоцкийдин "Я не люблю" ыры менен башталды. Китептеги материалдар менен гана чектелбестен, Гүлназ эжекебиз орус маданиятына зор салым кошкон ырчылардын чыгармалары менен да окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууда. Азыркы жаштар өткөн кылымда жашаган Высоцкий жөнүндө көп деле биле беришпейт. Ошентсе да, анын ырларындагы сүйлөмдөрдү талдап отуруп, терең маанисин да түшүнгөн 9-Ж классынын кыздары, бул ырчы жөнүндө да кабардар болушту. Окуучуларыбыз татаал сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүн талдоо көндүмүн дагы да арттырышты.

            Гүлназ эжебиз көп жылдык стажы бар, окуучуларга жумшак сүйлөп теманы жеткире билген мугалимибиз. Лицейге быйылкы окуу жылында келип, лицейдин шартына бат көнүп, электрондук журналды да өздөштүрүп колдонуп баштады. Бүгүн ушинтип ачык сабак өткөрүп, жаш мугалимдерге сабагында колдонгон усулдарды көрсөттү. 

          • КЕСИПТЕР

          • Түрк тилинен ачык сабак

             Мугалимдик кесипти жаңы эле аркалап баштаганы менен аракетчил, окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Мелтем ОТХАН эжекебиз өз сабагына чакырды. 7-класстын окуучулары 5 айдан бери кандай жыйынтык алып жатышканына баарыбыз күбө болдук. Кенжетай кыздарыбыз түркчө диалогдорду жасашып, кесиптер жөнүндө табышмактарды айтышып, мугалим жөнүндө да ыр аткарууга жетишишти. Сабактын маанайы көтөрүңкү болуп, кыздар өзөрүн эркин алып отурушту.

              Түрк тили сабагы 7-класста гана 4 саат болуп, кийинки 8-11 класстарда Окуу планына ылайык жумасына 2 саат өткөрүлөт. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү англис тилинен, информатика сабагынан жана түрк тилин окугандыгы тууралуу сертификат алышат. 

          • БАКЫТ БАР ДЕП ЖАШООНУН ӨЗҮ - БАКЫТ

          • Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы жөнүндө ачык саат.

            Алыкул жаш кетсе да, чыгармалары ар бир кыргыздын жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Мекенине болгон сүйүүсүн ырларында чагылдырган акын жөнүндө лицейибиздин кыргыз тили жана адабияты мугалими, "Билим берүүнүн мыктысы" Каптагаева Нуржан эжебиз 9-а классынды ачык саат өттү. Акындын жазган ырларын өмүрүндөгү маанилүү учурлары менен байланыштырып, ошол учурда акындын жүрөгүндө кандай сезимдер толуп жатканын окуучуларга сездиргени аракет кылды. Окуучулар болсо, Алыкулдун ырларынан жатташып, эмне үчүн ушул ырды тандашканын айтып жатышты. 

          •  "Согуш мезгилиндеги Кыргызстандын Экономикасы"

          • Лицейибиздин тажрыйбалуу мугалимдеринен Токтакунова Нургүл эжебиз тажрыйбасын жайылтуу максатында ачык саат өттү. "Улуу Ата-мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын Экономикасы" темасында 9-класста сабак өтүп, окуучулар жана катышкан мугалимдер үчүн пайдалуу болду. Бул учур мекенибиздин тарыхында өзгөчө орду бар. Бир тараптан көптөгөн аталарыбыз согуш майданында жанын берип жатса, экинчи тарабынан Кыргызстанга көчүрүлүп келген көптөгөн завод, оорукана, окуу жайларында иштеген жарандар өз мээнетттерин аябай Улуу Жеңиштин жакындашына салымдарын кошушкан. Ошол кыйын учурдагы жасалган чоң эмгек, аткарылган иштер, армиянын керектөөсүнө керек болгон материалдарды жасоодо пландын ашыгы менен аткарылуусу чоң эрдик экени окуучуларыбыз үчүн түшүнүктүү болду.