Duyurular

          • Дистанттык окууда ата-эненин ролу.

          •  Урматтуу ата-энелер!

            1-апрелден (шаршемби күндөн) баштап окуучуларга дистанттык түрдө сабак өтүү башталат.

                 Сабак учурунда сиздер тараптан камсыз кылынуучу нерселер төмөнкүлөр:
            1. Ар бир үй бүлөнүн жогорку деңгээлде даярдыгы
            2. Окуучунун компьютери, телефону (смартфон) интернетке байланышкан болуусу керек;
            3. Окуу куралдары ( калем, дептер,китеп (мүмкүнчүлүк болсо) даяр болуусу керек;
            4. Сабак учурунда бөлмөдө жалгыз болуусу керек ( ага-ини, эже-карындашын сабакка тоскоолдук болбоосу үчүн);
            5. Ашыкча буюмдарды тоскоол жаратпоосу үчүн алып салуусу керек;
            6. Күндөлүк режимди уюштуруп берүү;
            7. Окуучунун онлайн сабакка катышуусун жана тапшырмасын аткаруусун көзөмөлгө алуунуздар керек;
            8. Окуучу тапшырмасын эртеңки күнгө калтырбай аткаруусу зарыл;
            9. Класс жетекчиси жана предметтик мугалим менен тыгыз байланышта болуп турууңуздар керек;
            10. Кун сайын класс жетекчиси аларды сабактарга катышуусун, үй иштеринин аткаруусун көзөмөлдөйт;
            11. Балдардын сабагына ата-энелердин түздөн түз катышуусуна( окуучунун ордуна сабак жасоого) тыюу салынат;
            12. Дистанттык окуу боюнча ата-энелердин суроо-талаптары болсо класс жетекчисине кайрыласыздар.
                 

                 Окуучуга тиешелүү сабактар,видеолор, слайддар, үй иши жана баалоо Edupage системасы аркылуу жүргүзүлөт. 


                                                                                                                                               Лицей администрациясы

          • Дистанттык билим алуу кандай болот?

          • Урматтуу ата-энелер!

                 Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин жетекчилиги баарыңыздардын

              үй-бүлөңүздөргө аманчылык каалайт.

                 Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси окуучулардын билим алуусу токтоп калбаш үчүн 1-апрелдин биринчи аптасынан баштап, онлайн жана видеосабактар аркылуу окутууну баштап жатат. 27 жылдан бери иштеп келе жаткан билим берүү мекемебиз окутууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча бир топ тажрыйбага ээ. Ушул күндөрдө бардык лицейлердин мугалимдерине “интернет аркылуу окутуу” боюнча онлайн конференциялар болуп, тажрыйба алмашуу жүрүүдө.

                 Андыктан, мугалимдер жана ата-энелер окутуунун бул түрүнө даяр болуубуз зарыл. Бул үчүн адегенде мугалим жана окуучулар интернет жана компьютер менен камсыз болуусу керек. Телефондо алдын ала кээбир программалар да болуусу керек. Негизги программа бул EDUPAGE. Андан сырткары видеоконференция үчүн колдонуучу программа да керектелет. Бүгүнкү күнгө бардык окуучулар менен байланыш курулуп, кайсыл программалар менен иштөөсү аныкталган.

                 Онлайн окутуу үчүн эң негизги маселе бул интернет менен камсыз болуусу. Үйүңүздө интернет байланышы болсо, бир топ жеңил болот. Эгерде мобилдик интернет колдонсоңуздар, анда сиз жашаган аймакта кайсыл оператордун интернети сапаттуу экенин тактап, үзгүлтүксүз интернети болгон тарифке өтүү зарыл.

                 Бирок эң башкысы, үйдөн сабак алууда эске алуучу маселе бул - окуучуну онлайн окууга даярдоо. Лицей тарабынан онлайн сабактардын жадыбалы (расписание) EDUPAGEке жиберет. Бир күндө 30 мүнөттүк 5 сабак болот. Анын негизинде ата-эне кызын мектепке жиберген сыяктуу ойлоп, сабак алуусун көзөмөлдөө зарыл. Окуу үчүн үйдө өзүнчө орун даярдап, дептер, калем, жана башка керектүү окуу куралдары менен камсыздоо зарыл.

                 Албетте бул ыкма убактылуу гана. Классташтары менен жанаша отуруп, мугалим менен бетме бет баарлашууга не жетсин! Эң негизгиси окуучуларыбыздын билим алуусу токтоп калбашы керек. Ал үчүн болгон биз бар күч аракетибизди жумшайбыз.