Шамиева Гүлназ эжебиздин сабагынан
Бүгүнкү орус тили сабагы Владимир Высоцкийдин "Я не люблю" ыры менен башталды. Китептеги материалдар менен гана чектелбестен, Гүлназ эжекебиз орус маданиятына зор салым кошкон ырчылардын чыгармалары менен да окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууда. Азыркы жаштар өткөн кылымда жашаган Высоцкий жөнүндө көп деле биле беришпейт. Ошентсе да, анын ырларындагы сүйлөмдөрдү талдап отуруп, терең маанисин да түшүнгөн 9-Ж классынын кыздары, бул ырчы жөнүндө да кабардар болушту. Окуучуларыбыз татаал сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүн талдоо көндүмүн дагы да арттырышты.
Гүлназ эжебиз көп жылдык стажы бар, окуучуларга жумшак сүйлөп теманы жеткире билген мугалимибиз. Лицейге быйылкы окуу жылында келип, лицейдин шартына бат көнүп, электрондук журналды да өздөштүрүп колдонуп баштады. Бүгүн ушинтип ачык сабак өткөрүп, жаш мугалимдерге сабагында колдонгон усулдарды көрсөттү.