Бүгүн окуучуларыбыз көптөн күткөн Бирдиктүү Чейректик Тестирлөө башталды. Негизги предметтер боюнча салттуу түрдө бардык лицейлер арасында өткөрүлгөн бул сынак, окуучулар жана мугалимдер үчүн маанилүү. Мунун жыйынтыгында окуучу өзүн класста гана эмес, лицейлер арасында канчанчы орунда экенин биле алат. Мугалим болсо, окуучуга сынактын гана баасын койбостон, кайсыл теманын үстүндө көбүрөөк иштеш керек экенидигинин анализин чыгара алат.
Жооптор оптик окума каражаты аркылуу текшерилип, мугалим үчүн да оордугу тийбейт. Санариптештирүү доорунда бул ыкма кыска убакыттын ичинде бардык лицейлер арасында анализ, мониторингди чыгаруу максатында өткөрүлүп келет.