Окуучуларды туура тарбиялоо үчүн адегенде аларды таануу керек сөзү менен мугалимдерибиз үчүн семинар башталды. Бүгүнкү биздин коногубуз Чолпон-Ата шаарындагы "SOS балдар айылы" деп аталган балдар үйүнүн директору Нурбек Богачиев. Өзгөчө турмуштук кырдаалга кабылган балдар менен көп жылдар бою иштеп, бир гана мугалим эмес, социология, психология тармагында көптөгөн окуулардан өткөн Нурбек агайдан көп нерсе үйрөнүүгө болот.
- Араңарда балалуу болгон барбы?,- деп сурады. Каанадагы бир топ мугалимдер кол көтөрдү.
- Эгерде сиздин балаңызга эң жакшы университетке өтүү үчүн бир ыкма бар, аласыңарбы десем, алат белеңер?- деди. Баары кол көтөрдү, албетте алабыз. Балабыз үчүн ал маанилүү да дешти.
- Ал эми, эң жакшы университетпи же эң жакшы жумушпу десем, кайсынысын тандайт элеңер? -деп кайра сурады. Кесиптештерибиздин дээрлик баары жакшы жумушка добуш беришти. Университетти окубай деле жакшы жумушуң артык эмеспи деп.
- Жакшы жумушпу же жакшы үй-бүлөбү? деди. Баары кеңешип, жакшы үй-бүлө болбосо, анда жакшы жумуштан деле адам бактылуу болбойт деп, жакшы үй-бүлөнү тандашты.
- Демек окуучуларыбыз үчүн да, баалуулуктарды берүүдө, ушул жолду тандообуз туура да, э?- деп сурап, баарыбызды ойго салды.
Ар бир мугалим өз предметинен башка, өз жүрүм туруму менен, адеби, сүйлөө маданияты менен, кылган аракети менен сабакта да туура тарбия бере алат. Ушул маселе менен Нурбек агай семинарын баштап, өспүрүмдөрдүн курактык өзгөрүүсү жана анын окуучулардын психологиясына, жүрүм турумуна таасири жөнүндө кеп кылды.
Нурбек агай, мындан ары лицейге мезгил мезгили менен келип, мугалимдерибизге усулдук иштер менен тажрыйба алмашып, окуучулар менен да баарлашып турмай болду.
Мындай тажрыйба алмашуу, баарыбыз үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз.
БЖК