Duyurular

          • Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы ачык сабак өткөрдү

          • Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Мээрим Акматова, З.Бектенов атындагы кыздар лицейинде, Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун 95-жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын сот тутуму” аттуу темада ачык сабак өткөрдү.

            Ачык сабактын жүрүшүндө балдар Кыргыз Республикасынын сот системасынын түзүлүшү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктары жана сот отурумун жүргүзүү тартиби тууралуу маалымат алышты.

            Слайд шоу аркылуу жогорку класстын окуучуларына «Кыргыз сот аялдар ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган «Мен Кыргызстандын сот системасы жөнүндө билем» аттуу колдонмонун негизинде презентация өткөрүлүп, жыйынтыгында бардык окуучуларга таратылды.

          • БЧТ деген эмне?

          •  Бүгүн окуучуларыбыз көптөн күткөн Бирдиктүү Чейректик Тестирлөө башталды. Негизги предметтер боюнча салттуу түрдө  бардык лицейлер арасында өткөрүлгөн бул сынак, окуучулар жана мугалимдер үчүн маанилүү. Мунун жыйынтыгында окуучу өзүн класста гана эмес, лицейлер арасында канчанчы орунда экенин биле алат. Мугалим болсо, окуучуга сынактын гана баасын койбостон, кайсыл теманын үстүндө көбүрөөк иштеш керек экенидигинин анализин чыгара алат.

              Жооптор оптик окума каражаты аркылуу текшерилип, мугалим үчүн да оордугу тийбейт. Санариптештирүү доорунда бул ыкма кыска убакыттын ичинде бардык лицейлер арасында анализ, мониторингди чыгаруу максатында өткөрүлүп келет. 

             

          • МУГАЛИМДЕР КҮНҮ

          • Мугалим болот мөмөлүү дарак,

            Мугалимдин тарыхы бар чексиз барак.

            Талыкпастан окуучуга билим берип,

            Эң алгачкы мугалим ачат сабат.

        • Kullanıcı hesapları
          • Kullanıcı hesapları

          • Ders programı veya değişikliklerin bölümlerinden bazıları için giriş yapmanız gerekebilir. Şifrenizi kaybettiyseniz, lütfen "Şifremi veya kullanıcı adımı unuttum" bağlantısını kullanın ve e-postanızı yazın. Henüz parolanızı almadıysanız, lütfen bekleyin. Her şey hazır olduğunda okul size parolanızı verecektir.